Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 138/ XXIV-27
Коррупцияга каршы иш аракеттерди кароо, коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чаралар жөнүндө
Күн тартибинин үчүнчү маселеси боюнча Ысык-Ата айылдык Кенешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Тойкеевдин билдирүүсү угулду. Күн тартибинин үчүнчү маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында 2015-жылга жана 2020-жылга чейин Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн иш-чараларынын планы түзүлсүн.
2. Иш-чаралар планы боюнча Ысык-Ата айыл тургундарына антикоррупциялык иш-чараларды жеткирүү максатында ар бир айылдарда, мектептерде, мекемелерде, ишканаларда чогулуштар өткөрүлсүн. Айыл өкмөтүнө кызматка алууда сөзсүз түрдө конкурс аркылуу жумушка кабыл алуу колдонулсун.
3. Айыл өкмөтүнүн жарандарына үй салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүүдө, атайын Кыргыз Республикасында турак жай салууга бериле турган шарты боюнча атайын түзүлгөн жер комиссиясынын чечимине ылайык берилсин.
4. Баардык мекеме жетекчилерине, мугалимдерге, айыл өкмөтүнүн аппаратына ар кандай кызмат көрсөтүүсү үчүн эч кандай белектерди албоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |