Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 139/ XXIV-27
Жер комиссиясынын отуруму жөнүндө
Күн тартибинин төртүнчү маселеси боюнча жер жана турак-жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис А.Тологонов жер жана турак-жай боюнча туруктуу комиссиянын бир жылдагы отурумунун графигин бекитип берүүнү өтүнүп кайрылды.
Айылдык Кенештин депутаты А.Тологонов сунуш киргизди: “Бир айда бир отуруму өтсүн”.
Айылдык Кенештин депутаты М.Тойкеев сунуш киргизди: “Ар бир айдын биринчи жумасынын шаршемби күнүндө чогулуп турсун”. Сунуштар көнүлгө алынды.
Күн тартибинин төртүнчү маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер жана турак-жай боюнча комиссия ар бир айдын биринчи жумасынын шаршемби күнүндө чогулуп турсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |