Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 140/ XXIV-27
2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө С. Чикеевтин отчету
Күн тартибинин бешинчи маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин отчету угулду. Отчету тиркелет.
Күн тартиби боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын сын-пикирлери жана сунуштары угулду:
А.Толокулов: “Биз азыр былтыркы экономдолгон акча каражатынан чыгаша кылып жатабыз туурабы? Дагы 1 млн.600 миң сом чогултушубуз керек.Ошондуктан лыжалык базаларды хронометраж кылалы,салыгы айыл өкмөтүнө түшкөндөй болсун”.
Т.Чолпонбаев : “О.Бөлөбалаев мектебинин канализациясын казып бериш керек. Жер боюнча жана генпланга каралган акча каражатынын колдонулушуна “гараждын”генпланын жасатуу тапшырмасы берилсин”.
А.Толокулов, М.Тойкеев: “Норус мектебинин подоходный налогун төктүргүлө,С.Чикеевке, Э.Ниязалиевке жана Н.Ибраимовго тапшырма берели”.
Күн тартибинин бешинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө С.Чикеевтин отчетуна “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Жогорудагы сунуштар боюнча иш жүргүзүлсүн. Жооптуу: айыл өкмөтүнүн башчысы.
3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |