Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 141/ XXIV-27
Акча каражатын бир беренеден экинчи беренеге которууга макулдук берүү жөнүндө С.Чикеевтин кайрылуусу
Күн тартибинин алтынчы маселеси “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которууга макулдук берүү жөнүндө” Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеев кайрылды: “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесиндеги 30,0 м.с. АУП бөлүмүнүн 2211-беренесине, ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесиндеги 17,0м.с.АУП бөлүмүнүн 2222-беренесине, Клуб бөлүмүнүн 2231-беренесинин 10,0м.с. АУП бөлүмүнүн 2215-беренесине которууга” Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын макулдугун сурады. Күн тартибинин алтынчы маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесиндеги 30,0 м.с. АУП бөлүмүнүн 2211-беренесине, ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесиндеги 17,0 м.с. АУП бөлүмүнүн 2222-беренесине, Клуб бөлүмүнүн 2231-беренесинин 10,0м.с. АУП бөлүмүнүн 2215-беренесине которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |