Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 142/ XXIV-27
Райондук өнүгүү фондусуна “Балдар ойноочу аянтча” долбоорун сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибинин жетинчи маселеси боюнча Ысык-Ата айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Чолпонбаев сөз алып: “Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна проект жазып өткөрүүбүз керек, бидин айыл өкмөтү Алмалуу айылынын Маданият үйүнүн тегерегине балдар ойноочу аянтча жана эс алуучу жай салууга проект жазууга макулдугунуздарды сурайм”-деди.
Т.Чолпонбаев: “Айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеевке жана жер жана турак-жай боюнча башкы адис А.Тологоновго, экономист-статист Ж.Кулмурсаевага тийиштүү проекттин документтерин дайындоо тапшырмасы берилсин”.
Күн тартибинин жетинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук өнүгүү фондусуна Алмалуу айылынын Маданият үйүнүн тегерегине “Балдар ойноочу аянтча” долбоорун сунуштоого макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеевке жана жер жана турак-жай боюнча башкы адис А.Тологоновго, экономист-статист Ж.Кулмурсаевага тийиштүү долбоордун документтерин дайындоо тапшырмасы берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |