Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 143/ XXIV-27
Бузуулар боюнча комиссиянын курамын кароо
Күн тартибинин тогузунчу маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Чикеев сөз алып: “Бузуулар боюнча комиссия ишин алып барган жок, азыркы учурда бузуулардын протоколун тендер менен алып жатабыз, комиссиянын курамын карап, өзгөртүү киргизүүңүздөрдү өтүнөбүз” –деди. С.Чикеевтин сунушу талкууга алынды.
Ысык-Ата айылдык Кеңештин төрагасы Т.Чолпонбаев сунуш киргизди: “Бузуулар боюнча комиссиянын төрагалыгына депутат Ниязалиев Э. сунуштайм”. Сунушу талкууга алынды. Күн тартибинин тогузунчу маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу” Типтүү жобонун негизинде төмөндөгү курамда Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Ысык-Ата айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин:
1) Ниязалиев Э.К.-комиссиянын төрагасы, айылдык Кеңештин депутаты;
2) Калиев Б.М.–комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык Кеңештин депутаты;
3) Айбекова А.А.- комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн бухгалтер-кассири;
Комиссиянын мүчөлөрү:
4) Төлөкулов А.Т.- Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаты;
5) Ибраимов Н.Т.- Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаты;
2. Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Ысык-Ата айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен камсыздалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия жана социалдык иштер, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Төрага | Т. Чолпонбаев |