Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 145/ XXIV-27
Аксакалдар сотунун курамын кайра кароо жөнүндө
Күн тартибинин он биринчи маселеси боюнча Ысык-Ата айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Чолпонбаев Аксакалдар сотунун курамына өзгөртүү киргизүү керектигин жана секретарын бекитүү керектигин айтты. Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаты Толокулов А. сунуш киргизди “Аксакалдар сотунун секретарына Бейшекеева Индира Бекболотовнаны сунуштайм, себеби ал өз ишине так жана кагаз менен, компьютер менен иштегенди билет”. Сунушу бир добуштан колдоого алынды.
Күн тартибинин он биринчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Аксакалдар соту төмөндөгү курамда бекитилсин:
1) Төрагасы -Тайкашкаев Талантбек Муратканович;
2) Катчысы-Бейшекеева Индира Бекболотовна;
Мүчөлөрү:
3) Алчинбаев Талант Кубанычбекович;
4) Байтиков Базарбек Касымбаевич;
5) Абдураимова Жумагүл;
6) Алымкулов Рамис Авасбекович;
7) Жумабек уулу Урмат;
8) Айылчиев Суйеркул Шаршенович;
9) Болгонбаев Чоробек Асыпбекович.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кеңештин социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |