Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 146/ XXIV-27
Ысык-Ата айыл аймагына караштуу “Таш-Башат” кооперативинин жетекчиси Т.Мендешовдун “Таш-Башат кооперативинин мүчѳлѳрүнүн тизмесин жана жер үлүштѳрүнаянтын бекитип берүү жөнүндөгү” арызы жѳнүндѳ
Ысык-Ата айыл аймагына караштуу “Таш-Башат” кооперативинин жетекчиси Т.Мендешовдун “Таш-Башат кооперативинин мүчѳлѳрүнүн тизмесин жана жер үлүштѳрүнаянтын бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу “Таш-Башат” кооперативинин мүчѳлѳрүнүн тизмеси жана жер үлүштѳрүнүн аянты тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитүүгѳ макулдук берилсин:
-Таш-Башат кооперативинин мүчѳлѳрүнүн саны 44 (кырк тѳрт) үй-бүлѳ,190 (жүз токсон ) киши;
(тизмеси тиркелет)
-Кайрак айдоо (киши башына-0,59 га)-112,10га
-Чѳп чабык (киши башына-0,48 га)-91,20 га
2. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан кѳрсѳтүлгѳн тартипте каттоого алуу жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |