Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 147/ XXIV-27
Карагай-Булак айылынын клубунун эки бөлмөсүн мектептин ашканасы катары колдонууга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибинин он үчүнчү маселеси боюнча Карагай-Булак айылынын айыл башчысы Т.Алчинбаев сөз алып: “Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов мектебинин өзүңөр билгендей эле ашканасы жок, азыркы мектептерге келип жаткан МЕРСИКО ысык-тамак проектиси боюнча ашкананын талаптары бар экен. Ошондуктан биз мекептин имаратынын жанындагы клубдун имаратынын эки бөлмөсүн балдарга ысык-тамак берүү үчүн ашкана катары колдонууга уруксат сурап жатабыз”-деди.
Күн тартибинин он үчүнчү маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карагай-Булак айылынын клубунун эки бөлмөсүн мектептин ашканасы катары убактылуу колдонууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кеңештин социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |