Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-октябры № 120/XVIII-27
Жергиликтүү Бюджеттен өз каражаттарды бекитүү жана грант алуу үчүн ыктыярдуу жана мониторингдик топ түзүү жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын “Грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен чыгарылуучу өз каражаттарды бекитүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулаган соң, төмөнкүдөй пикир ырасталды: грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен биз жазылган гранттын жалпы суммасынан 200,0 миң сомдук кошумчаны бекитүүбүз зарыл. Биз тараптан Ысык-Ата өнүгүү фондуна төмөнкү долбоорлор сунушталат:
Долбоор 1. “Кеңеш орто мектеби үчүн жана айыл өкмөт кызматкерлери үчүн компьютерлерди жана компьютер жабдыктарын сатып алуу”;
Долбоор 2. “Айыл аймагындагы үч айылдын ички көчөлөрүн жарыктандырууга прожекторлорду сатып алуу”.
Кочкорбаев айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен Ысык-Ата өнүгүү фондуна жазылган гранттын жалпы баасынын ичине кирүүчү 200,0 миң сомдук кошумча бекитилсин.
Долбоорлор үчүн ыктыярдуу жана мониторингдик топ түзүлсүн:
Долбоор 1. “Кеңеш орто мектеби үчүн жана айыл өкмөт кызматкерлери үчүн компьютерлерди жана компьютер жабдыктарын сатып алуу”;
Долбоор 2. “Үч айылдын ички көчөлөрүн жарыктандырууга прожекторлорду сатып алуу”.
Ыктыярдуу топтун курамы:
1. Бейшекеева Ч.Д. – айыл өкмөтүнүн башкы адиси
2. Байсубанова А.А – айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
3. Мамыргожоева Г – Кенеш орто мектебинин чарба башчысы
4. Хабибова З. – СКЗ төрагасы
5. Сейдакматова А – жеке ишкер.
Мониторингдик топтун курамы:
1. Гапоненко Г.М
2. Казабаев Б.Ж – айыл старостасы
3. Байсалова А – СКЗ төрагасы
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |