Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-февралы № 38/13-27
Сын-Таш айыл аймагынын 21-жергиликтүү жамаатташтыгынын Курултайын өткөрүүгө акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
.
Сын-Таш айыл өкмөт башчысы Р.Т. Байбековдун 01.02.2019-жылы өткөрүлө турган Сын-Таш айыл аймагынын 21 - жергиликтүү жамаатташтыгынын Курултайын өткөрүүдө 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылынын" жыйынтыгы менен жана жергиликтүү жамаатташтыктын алдыңкыларын сыйлоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен Сын-Таш айыл аймагынын 21 - жергиликтүү жамаатташтыгынын Курултайын өткөрүүдө жергиликтүү жамаатташтыктын алдыңкыларын сыйлоого 15,0 (он беш) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы С.Б.Алымбаевага жүктөлөт.
Төрага | З.М. Аширбаев |