Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-октябры № 7/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылындагы 19-декабрь айындагы № 715 токтомунун берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө токтомун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамынын негизинде Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлери жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында калкты жарандык актыларын каттоо кызматы боюнча атайын келишимдин негизинде иш алынып барылсын;
2. Күнтуу айыл аймагындагы бул мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тайгараева Эдита Каныбековна бекитилсин;
3. Күнтуу айыл өкмөтү тарабынан калкты жана жарандык актыларын каттоо департаменти менен Күнтуу айыл өкмөтү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамынын негизинде, келишимдерди түзсүн жана мыйзам чегинде иш алынып барылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып
күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |