Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-ноябры № 8/4
Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы Аскар Сальпиев атындагы “Келечек балдардын ясли-бакчасына төлөнө турган баасын бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши, Аскар Сальпиев атындагы «Келечек» балдардын ясли-бакчасына төлөнүүчү акча каражаты боюнча, Кыргыз Республикасынын акы төлөө боюнча, мыйзамдарына таянып талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскар Сальпиев атындагы «Келечек» балдардын ясли-бакчасына төлөнүүчү акча каражаты бир күнгө тамактанууга бир балага 50-сомдон (элүү) бекитилсин;
2. Аскар Сальпиев атындагы «Келечек» балдардын ясли-бакчасынын башка чыгымдарга бир айга бир балага 200-сомдон бекитилсин;
3. Аскар Сальпиев атындагы «Келечек» балдардын ясли-бакчасына төлөнүүчү акча каражаты бир балага эне-атанын кайсы кызматта иштегенине карабастан, бир айга 1300сомдон (бир миң үч жүз сом)төлөнсүн;
4. Аскар Сальпиев атындагы «Келечек» балдардын ясли-бакчасынын башчысы А.Кылычова төлөнүүчү акча каражатты мыйзам чегинде ишке ашырып, токтомду аткарсын;
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы, А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
6. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып
күчүнө кирет;
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |