Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 2
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 17.10.2019-жылдагы чыг.№ 346-катты, Жалал-Абад шаарынын “Ордо Холдинг” ЖЧКу тарабынан жазылган 24.10.2019-жылдагы чыг.№ 016/19-катты, Жалал-Абад шаарынын Могол көчөсү, 24-а үйүнүн тургуну Баяман уулу Адилеттин жазган арызын жана тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү,37 дарегинде жайгашкан 1520 чарчы метр жер тилкесинин «К1» (коммуналдык ишканалар) укуктук зонасынан «Ж2» (аралаш турак жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Осмонов көчөсү, 74 дарегинде жайгашкан 5250 чарчы метр жер тилкесинин «Ц2» (соода жүргүзүүнүн активдүүлүк борбору) укуктук зонасынан «Ж3» (көп кабаттуу турак жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан 18764 чарчы метр жер тилкесинин «П1» (өнөр жай) укуктук зонасынан «Ж3» (көп кабаттуу турак жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | М. Тургунбаев |