Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

VIII  чакырылыш кезектеги ХIX сессия

 

2019-жылдын 26-декабры № 3

 

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө

    

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык,  КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 12.11.2019-жылдагы № 02-1/967-сандуу катынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясы   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын шайлоолорун өткөрүү үчүн Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин курамы №1-тиркемеге ылайык макулдашып, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.

2.  Ушул токтом менен макулдашылган тизмени шаардык кеӊештин регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомду  массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз  Республикасынын  Юстиция  министрлигине  мамлекеттик  реестрге киргизүү жагы  шаардык  кеңештин  жооптуу  катчысына (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан  тартып  күчүнө  кирет. 

 

Төраганын орун басары

М. Тургунбаев