Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 5
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 4-декабрь 2018-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын 14-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 21.11.2019-жылдагы чыг.№02/3-02/3228-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 4-декабрь 2019-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын 14-токтомунун 1-пункту жокко чыгарылып, төмөндөгүдөй редакцияда кабыл алынсын: “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинде реестрде турган “Жалал-Абад” Мамлекеттик резиденциясындагы ГКТП-198 трансформаторду “Жалал-Абадэлектро” ААКнун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин”.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | М. Тургунбаев |