Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 6
Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы кызматтык батирди алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.12.2019-жылдагы чыг.№ 04-09/3456-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсү, 54-5-кызматтык батирди Ч.Айтматов көчөсүнүн №3-үйдүн 60-батирине алмаштырууга макулдук берилсин, муниципалдык менчикке баланска кабыл алынсын жана “кызматтык” статусу ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) мүлктөрдү алмаштырууда мыйзам талаптарын сактоо жана мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | М. Тургунбаев |