Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

VIII  чакырылыш кезектеги ХIX сессия

 

2019-жылдын 26-декабры № 7

 

Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндө жаңы курулган имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу жана оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 09.12.2019-жылдагы чыг.№ 06-5/922-каттарын Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жалал-Абад шаарынын Хамза көчөсүндө жайгашкан сметалык баасы 100413,9 миң сом түзгөн муниципалдык имаратты Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алып, Жалал-Абад шаарынын балдардын психоневрологиялык интернатына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.

2.  Муниципалдык менчиктеги мүлктү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.

3.  Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

М. Тургунбаев