Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 8
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын 29.06.2015-ж. кезектеги XXIV сессиясынын 4-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" мыйзамынын 17-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Тайгараев аймактык башкаруусунун 05.12.2019-жылдагы чыг. № 301 катты шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык шаардык кеңештин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын 29.06.2015-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын 4-токтомунун 1-пунктундагы "Котур-Каман" деген сөз "Камандар" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына кабыл алынган токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | М. Тургунбаев |