Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/192
Коомдук уюмдардын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Коомдук уюмдардын үй-бүлөлүк талаш-тартыш, зордук-зомбулук, суицид, коомдук тартип жана баланын укугун коргоо, элдик жыйын өткөргөн жолугушуулар боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук уюмдардын башчыларынын үй-бүлөлүк талаш-тартыш, зордук-зомбулук, суицид, коомдук тартип жана баланын укугун коргоо, элдик жыйын өткөргөн жолугушуулар боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Коомдук уюмдардын башчыларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, суицид, талаш-тартыш темада мектеп окуучуларынын жана эл арасында көбүрөөк жолугушууларды өткөрүүсү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |