Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/194
Социалдык жардамга муктаж болгон шаар тургундарынын материалдык жардам сураган арыздарын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 01-36/1616 жана 04-декабрындагы № 01-36/1709 сандуу каттардын негизинде Кочкор-Ата шаарынын Салиева көчөсүнүн №36 үйүнүн тургуну Ганибаева Гулбахардын баласы Жапашев Бектур (ДЦП) шал оорусу менен ооругандыгына байланыштуу көп функционалдык арабачасын (многофункциональная коляска) сураган, Строительная көчөсүнүн № 24/2 үйүнүн тургуну Сапарова Лолахандын агасы Сапаров Зайнабидин 2-топтогу майып, ден соолугун даарылатуу үчүн материалдык жардам сураган арызы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 01-36/1616 жана 04-декабрындагы № 01-36/1709 сандуу каттары канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган Салиева көчөсүнүн №36 үйүнүн тургуну Ганибаева Гулбахарга 35000 (отуз беш миң) сом, Строительная көчөсүнүң № 24/2 үйүнүн тургуну Сапарова Лолаханга 30000 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин социалдык бөлүмгөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |