Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/195
”Кочкоратаайылкурулуш” акционердик коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы, ”Кочкоратаайылкурулуш” акционердик коомунун 2019-жылдын 21-ноябрындагы №149 сандуу катынын негизинде, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндө курулган “100 орунду балдар бакчасын” курулуш мезгилинде кошумча жумуштар пайда болуп 752 012 (жети жүз элүү эки миң он эки) сомдук курулуш-монтаждоо иштери аткарылган. Кошумча аткарылган курулуш-монтаждоо иштерине 752 012 (жети жүз элүү эки миң он эки) сом акча каражатын төлөп берүү боюнча шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кочкоратаайылкурулуш” акционердик коомунун 2019-жылдын 21-ноябрындагы №149 сандуу каты канаттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. “Кочкоратаайылкурулуш” акционердик коомуна 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен 752 012 (жети жүз элүү эки миң он эки) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |