Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/196
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы № 01-36/1780 сандуу катынын негизинде 2019-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө каралган акча каражатынын жыл башында калган калдык каражатынан шаардык Кеңештин аппараты менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки өлчөм (оклад) акчалай сыйлык төлөп берүү боюнча шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы №01-36/1780 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2019-жылдын жыл башында калган калдыгы 598 981 (беш жүз тогуз жүз сегиз миң тогуз жүз сексен бир миң) сом акча каражатынын эсебинен шаардык Кеңештин аппараты менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки (оклад) өлчөмдө сыйлоо катары төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |