Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 01-5/198
2019-жылдын 14-октябрындагы № 01-5/177 токтомунун II-III пунктарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 13-августундагы 01-36/1088 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан шаардын баштапкы планын иштеп чыгуу үчүн бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынын ичинен келишимдин негизинде 2 984 625 (эки миллион тогуз жүз сексен төрт миң алты жүз жыйырма беш) сом ачка каражатын бөлүп берүү жана жер фондуларын инвентаризациялоо үчүн 341 627 (үч жүз кырк бир миң алты жүз жыйырма жети) сом каражатын чечип берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин “Бюджет, Каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 5 000000 (беш миллион) сом акча каражатынын эсебинен :
-2019-жылдын 2-февралындагы №16/18 сандуу келишимдин негизинде 2 984 625 (эки миллион тогуз жүз сексен төрт миң алты жүз жыйырма беш) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна бөлүнүп берилсин;
-341 627 (үч жүз кырк бир миң алты жүз жыйырма жети) сом акча каражаты Кочкор-Ата шаарынын жалпы жер фондуларын инвентаризациялоо үчүн бөлүнүп берилсин;
-калган 2 568 748 (эки миллион беш жүз алтымыш сегиз миң жети жүз кырк сегиз) сом акча каражатын шаар мэрине багыты боюнча максаттуу пайдалануусу милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Каржы министрлигинен келген акча каражаты 2 568 748 (эки миллион беш жүз алтымыш сегиз миң жети жүз кырк сегиз) сом баштапкы пландын багыты менен чыгымдалсын жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин эсептик счетуна чегерилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |