Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 1
Кызмат көрсөтүү акысын бекитип берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековдун оор жүк көтөрүүчү ФП LW 300FN тракторунун калкка кызмат көрсөтүүдөгү баасын бекитип берүү тууралуу кайрылуусун талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИС аркылуу келген ФП LW 300FN тракторунун калкка кызмат көрсөтүүдөгү баасы саатына 1500(бир миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатты атайын эсеп ачып, иштетүү жагы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |