Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 4
Оро айылдык Кеңешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 28- сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетинин эсебине 2019- жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн «ГЛОБАЛ ШИРАЛЬДЖИН МАЙНИНГ» компаниясынан айыл чарбасына кирбеген жер салыгы үчүн 401122 сом 50 тыйын, калктуу конуштарды арендалоо үчүн түшкөн акыдан 2304664 сом жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн түшкөн акыдан 517730 сом 35 тыйын, бардыгы болуп 3223516 сом 85 тыйын акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019 – жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн түшкөн акча каражаты 3223516 сом 85 тыйын өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:
Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө:
2215 статьясына – 63343 сом
2824 статьясына - 20000 сом
Турак- жай бөлүмүнө:
2215 статьясына – 335100 сом
2221 статьясына – 159700 сом
2222 стаьясына - 161000 сом
3111 статьясына – 2424373 сом
Социалдык коргоо бөлүмүнө:
2215 статьясына - 60000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Н. Жаманкулов |