Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 5
Оро айылдык Кеңешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 28- сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын фондусунун эсебине 2019- жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн «ГЛОБАЛ ШИРАЛЬДЖИН МАЙНИНГ» компаниясынан Оро айыл аймагынын Кыргызстан, 1-Май жана Жон-Коргон айылдарына кайрымдуулук жардам катары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн түшкөн акча каражаты 2000000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана Кыргызстан, 1-Май жана Жон-Коргон айылдарынын муктаждыктарына жумшалсын.
2. “Оро Биримдиги” фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Н. Жаманкулов |