Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу № 06
Оро айылдык Кеңешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 28- сессиясы Оро айылдык аймагынын 1-Май айылынын тургундарынын арызынын негизинде айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча 1-Май айылындагы жаңы курулуп бүтүп жаткан балдар бакчасы тууралуу маселени карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 1-Май айылында 75 орундуу балдар бакчасы ачылсын.
2. 1-Май айылындагы Т. Чолушев орто мектебинде жаш муундарга билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу зор эмгеги эске алынып, жаңы курулуп бүтүп жаткан балдар бакчасына маркум Сапаралиев Аскарбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Штаттык бирдиктерин жана айлык акыларын чечип берүү жагы райондук билим берүү мекемесинен суралсын.
4. Коммуналдык жана башка чыгымдары айыл өкмөтүнүн эсебинен каржылансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жаманкулов |