Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры № 1
2019-жылдын бюджетинин ЖКХ бөлүмүндөгү акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө социалдык коргоо бөлүмүнө акча каражатын которуу жөнүндө
Шадыкан айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жөнүндө маселени талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Джеенбаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. ЖКХ бөлүмүнөн 2215 статьясынан 100 миң сом акча каражаты социалдык коргоо бөлүмүнүн 2215 статьясына 100 миң сом которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Джеенбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Назаралиев |