Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры № 26
2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен электр энергиясынан жана Республикадан максаттуу трансферт аркылуу үнөмдөлүп калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен электр энергиясынан жана Республикадан максаттуу трансферт аркылуу үнөмдөлүп калган акча каражат жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен электр энергиясынан үнөмдөлүп калган 170 000 сом жана Республикадан максаттуу трансферт аркылуу үнөмдөлүп калган 288 455 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:
1. 2019-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен электр энергиясынан үнөмдөлүп калган каражаттын эсебинен 60 000 сомду кичи футбол аянтчасына резиновый песок жана прожектор алуууга жумшалсын;
2. 30 000сом акча каражатын ачык дренаждын жээгиндеги темирлерди оңдоп сырдоого жумшалсын ;
3. 10 000 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жол кире чыгымдарына жумшалсын;
4. 70 000 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн кеңсесине жана мектептин керектүү чарбалык товарларды алууга жумшалсын;
5. Республикадан максаттуу трансферт аркылуу үнөмдөлүп калган 288 455 сом Кара-Суу айылдык аймагында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине жумшалсын.
6. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р. Кабылов |