Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры № 25
Көчмөндөр оюнуна карата каражат карап берүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Көчмөндөр оюнуна карата каражат карап берүүсү жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып, 2019-жылдын 8-февралындагы депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышын кезектеги 30-сессиясынын № 4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 4 токтомунун № 4 тиркемеге өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесине компьютердик жабдууларды алууга бөлүнгөн 90 000 (токсон миң) сом акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом көчмөндөр оюнуна бөлүнүп берилсин.
3. 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты көчөлөргө табличкаларды жасатууга жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Р. Кабылов |