Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 130/XXI–27
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Тендердик комиссиянын төрайымы Н.Ы. Дононбаеванын “Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш белгилейт, тендер аркылуу алына турган интерактивдик панелге каражат жетишсиздигине байланыштуу кошумча каражат талап кылынат Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Эмерек алуу үчүн 33800 (отуз үч миң сегиз жүз) сом суммада акча бөлүнүп берилсин.
2. Интерактивдик панелди алуу үчүн 53975 (элүү үч миң тогуз жүз жетимиш беш ) сом суммада акча бөлүнүп берилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |