Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 132/XXI–27
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине ОАО МИСтин балансындагы суу көзөнөгүн жана суу түтүк тармагын Ысык-Ата райондук менчикке укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына каттоо процедурасын баштоо үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдраевдин жана Ж. Жумакованын Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине ОАО МИСтин балансындагы суу көзөнөгүн жана суу түтүк тармагын документтерди 2016-жылдагы Негизги каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысына ылайык, Ак-Кудук айыл өкмөтү менен ОАО “МИС”теги ГФСУнун 670,4 га жерлери боюнча талаш кырдаалды эске алуу менен , суу көзөнөгүн жана суу түтүк тармагын Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Ысык-Ата райондук менчикке укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына каттоо процедурасын баштоо үчүн Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтү суу көзөнөгүн жана суу түтүк тармагын Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Ысык-Ата райондук менчикке укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына алдын ала каттоо процедурасын баштасын.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен суу көзөнөгүн жана суу түтүк тармагын Ысык-Ата райондук менчикке укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына алдын ала каттоо процедурасын баштоо үчүн 100 000 (жүз миң сом) бөлүп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы А.Абдраевга жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |