Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 131/XXI–27
ААК “МИСтен” 670,4 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин фактылуу пайдалангандыгы үчүн 1 497 246 сом өндүрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органдарына кайрылуу жолу менен чара көрүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Абдраевдин жана юрист Ж.Т. Жумакованын Ак-Кудук айыл өкмөтү жана ААК “МИС” ишканасынын ортосундагы талаш туудурган ААК “МИС”ке карата үч жолку сот тарабынан демилгеленген доо жана Чүй облусунун административдик жана экономикалык иштери боюнча райондор аралык сотко кайрылуунун натыйжасында 2019-жыл үчүн 1 497 246 сом (бир миллион төрт жүз токсон жети миң эки жүз кырк алты) сомду пайдаланылган ГФСУнун 670,4 га жерлери үчүн, пайдалануу мөөнөтү аяктаганына карабастан, өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп жана сот териштирүүлөр узакка созулгандыгын эске алуу менен өндүрүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтү “670,4 га өлчөмүндөгү Мамлекеттик айыл чарба жерлерин өз билемдик менен басып алуу жөнүндө” доо арызы менен Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасына, Мамлекеттик экономикалык кылмыштар боюнча кызматына жана Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы А.Абдраевга жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |