Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 133/XXI–27
2019-2020 жылдын күз-кыш мезгилине калктын жана экономика тармагынын даярдыгы жөнүндө
“2019-2020 жылдардын күз-кыш мезгилдерине калктын жана экономика тармагынын даярдыгы жөнүндө” айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, бул багытта белгилүү иштер өткөрүлгөндүгүн Ак-Кудук айылдык кеңеши белгилейт. Отун, көмүр алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, көмүр сатып алууга өз убагында тендер жүргүзүлүп, азыркы учурда көмүр толук көлөмдө алынып келинген. Жылытуучу от казандар оңдоодон өткөн. Калк жана уюмдар от жагуу мезгилине даяр, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л АТ:
1. “2019-2020 жылдардын күз-кыш мезгилдерине калктын жана экономика тармагынын даярдыгы жөнүндө” маалымат эске алынсын.
2. Көчө комитеттин төрагалары өз убагында отун жана көмүр даярдоо жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышсын.
3. Айыл өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө көмүр алууга жардам берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин тартип, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |