Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 138/XXI–27
Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык аймагынын Ак-Кудук айыдык кеңешинин Уставын жана регламентин каттоо жөнүндө
20.02.2009-жылдагы № 57 Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин жетегинде, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү депутаттарынын статусу жөнүдө мыйзамына ылайык, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л Д Ы:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Фирмалык аталышы «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңеши» мекемеси.
3. Жайгашкан жери өзгөрүүсүз калтырылсын: Кыргыз Республикасы Чүй облусу Ысык-Ата району Киров айылы Центральный 14 көчөсү.
4. Ак-Кудук айылдык кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. «Ак-Кудук айыл аймагы Ак-Кудук айылдык кеңеши Ысык-Ата району Чүй облусу» мекемесин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы Абдраев А.С. жүктөлсүн.
7. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | У.Ш. Суваналиев |