Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 139/XXII–27
01.01.2020 жылдан баштап короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине зоналдык коэфиценттерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык Кодексинин 338 жана 339-беренелеринин негизинде короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жана айыл чарбасына белгиленбеген жерлерге зоналдык коэффиценттерди бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л Д Ы:
1. Короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине салык эсеби үчүн К1=1 зоналдык коэффицентти Ак-Кудук айылдык аймагына бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтү ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинде каттатсын.
3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору ушул токтомду колдонмо кылып короо жай тилкелерине, айыл чарбасына белгиленген жерлерге, айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жана бакча-огород тилкелерине жер салыгынын эсебин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |