Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 112/XX–27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2019-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2020-2021-жылдарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 89-беренесине ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-2021-жылдарга божомолунун чыгаша жана киреше бөлүктөрүн Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 5505,5миң сом жана тегиздөөчү грант 2829,4 миң сом менен бекитилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 5801,5миң сом жана тегиздөөчү грант 2780,2 миң сом менен бекитилсин.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоорун 6332,5миң сом жана тегиздөөчү грант 2713,6 миң сом менен бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тиркеме: Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2019-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2020-2021-жылдарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу.
Төрага | Т. Чолпонбаев |