Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 114/ XXI–27
2018-жылдагы аймактын социалдык –экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жана 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чараларын бекитүү жөнүндө
2018-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планынын 12 айдагы аткарылышы жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаев отчетун берди. Отчетунда 2018-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планы 137214,3 м.с. жана анын аткарылышы 50821,9м.с., же болбосо 37 % гана аткарылган, жогорудагы көрсөтүлгөн сумманын ичинен 2083,3 м.с. жергиликтүү бюджеттен, 2842,5 миң сом тендөөчү грант, 135735,8 миң сом Республикалык бюджеттин эсебинен аткарылыш керек болчу, бирок 48738,6 миң сомго гана каржыланып, б.а. 36% га гана РБ аткарылган. Кененирээк аткарылган иштер боюнча:
- Билим берүү тармагындагы капиталдык курулуштарга жана мектептердин кезектеги оңдоо иштерине республикалык жана жергиликтүү бюджетти кошкондо 35636,6 м.с. сарпталды.
- Саламаттык сактоо тармагына:Үч-Эчмек айылынын ФАПнын имараты салынды 1200,0 миң сомго, Алмалуу айылынын ҮБДТ жаңы имаратынын АПУ,ИТУжумушу 70,0 миң сом.
- Маданият тармагына:4 китепканага 10,0 м.с оңдоо иштерине жумшалды,
- Спорт тармагына: 650,0миң сомго Алмалуу айылындагы спорт аянтчасы 450,0 миң сомго жана Үч-Эмчек айылындагы спорт аянтчасы 200,0 миң сомго салынып жатат, бирок толугу менен бүтө элек.
- Реалдык сектор боюнча: Самосвал унаа техникасын алуу 2600,0 миң сомго алынды.
- Айылдардын инфраструктурасы боюнча: Тогуз-Булак айылында 40,0 миң сомго 2 аялдама салынды,Алмалуу айылында суу түтүгүн оңдоо жана арыктарды тазалоо 34,8 миң сомго, Карагай-Булак жана Ичке-Суу, Норус айылдарында түнкү жарыктандыруу 300,0 миң сомго орнотулду, 5,0 миң сомго көчөттөр отургузулду, 351,0 миң сомго Алмалуу айылынын 5 км. ички жолдоруна кум-шагыл төгүлдү. Таш-Башат жана Үч-Эмчек айылдарынын ортосундагы 1,5 км.жолу 5250,0 миң сомго жана Тогуз-Булак менен Карагай-Булак айылдарынын 1км. трасса жолу 4000,0 миң сомго асфальтталды, жайыттардын жолу 74,5 миң сомго, муниципалдык менчик объектилердин документин жасатууга150,0 миң сом, айылдардын генпланын жасатууга 450,0 миң сом жумшалган.
2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы окулду.
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К. Теңизбаевтин билдирүүсүн, отчетун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2018-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чараларын бекитүү жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевтин отчетуна “канааттандырарлык” деген баа берилсин.
2. 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чараларын бекитилсин жана 21-Курултайга талкууга алынып чыксын.
3. 2019-жылдын аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чараларында белгиленген иш-чараларды аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын .
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын отчёту жана 2018-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы тиркелет.
Төрага | Т. Чолпонбаев |