Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 113/ ХVII –27
«Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө
«Ысык-Ата-Түндүк» кум-шагыл аралашмасы табылган жер тилкесине Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу комитети тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер байлыктарын колдонуу укугу менен 2019-жылы 22-апрелде берилген № 4992 ТР лицензиясынын ээси «Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун материалдарын карап чыгып, Кочкорбаев айыл аймагындагы 15,6 га жер тилкесинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө суроосун карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймагынын 15,6 га жер тилкесинин аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдөн баш тартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Албекенов |