Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 114/ ХVII –27
“Йа-Син” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ысык-Ата суусунун ичинен кум-шагыл казып иштетүүсүнөн баш тартуу жөнүндө
“Йа Син” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2019-жылы № 18/19 чыгыш номери келген кайрылууга ылайык, “Йа-Син” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ысык-Ата суусунун ичинен кум-шагыл казып иштетүүгө уруксат сурагандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун айткан угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук талаптарынын бузулбашын алдын алуу жана бул жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштардын таасир этүү зонасында жашаган адамдардын өмүрүнө, же ден соолугуна тикелей коркунуч жаратуунун алдын алуу максатында Йа-Син жоопкерчилиги чектелген коомуна Ысык-Ата суусунун ичинен кум-шагыл казып иштетүүсүнө уруксат берилбесин.
2. Бул токтомду аткаруу жана “Йа-Син” жоопкерчилиги чектелген коомго өз мөөнөтүндө жооп берүү башкы адис С.Адиковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Төрага |
А. Албекенов |