Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 115/ ХVII –27
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси А.А. Байсубанованы жогорку окуу жайына жергиликтүү бюджеттин эсебинен окутуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун муниципалдык кызматта кадр маселеси чечилбей, жаш кадрлар келбей жаткандыгы тууралуу жана аппарат кызматкерлеринин иш аракеттерин жогорулатуу жана дем берүү максатында Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Байсубанова Асель Аалы-Мамбетовнаны жергиликтүү бюджеттин эсебинен жогорку окуу жайга окутуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Байсубанова Асель Аалы-Мамбетовнага жогорку окуу жайына тапшырып, окуп бүткөнгө чейинки окуу акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
2. А.А. Байсубановага жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин Кочкорбаев айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында эмгектенүүсү милдеттендирилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
4. Бул буйрукту көзөмөлдөө жагын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Төрага |
А. Албекенов |