КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 116/ ХVII –27
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата райондук башкармалыгы менен салык укуктук мамилеринин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата райондук башкармалыгы менен салык укуктук мамилеринин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына таянып, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата райондук башкармалыгы менен салык укуктук мамилеринин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.
Төрага |
А. Албекенов |