Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу № 117/ ХVII –27
«Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын таштандыга, ичүүчү сууга жана муниципалдык базардагы орунга тарифтерин бекитүү жөнүндө
«Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору М. Карагулаковдун «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын таштандыга, ичүүчү сууга жана муниципалдык базардагы орунга тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын штаттык расписаниеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджети № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү тарифи №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (таштанды чыгарууга, ичүүчү таза сууга, ж.б.)
4. Бул токтомду аткаруу «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилет.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
А. Албекенов |