Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 21
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-102-117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18810 000 сомго бекитилсин.( №1,№2 тиркеме)
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2018-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50% өлчөмдө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн-айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды,мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзам менен кралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2018-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 188100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Өндүрүлбөй калган салык карыздары белгиленип,аларды өндүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10. Жалпак-Таш айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алуу максатында жана калктын аярлуу катмарына,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга ж.б. социалдык маселелрди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр энелерге,Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
11. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү,расмий тилге которуу,маалымат каражаттарына жарыялоо,интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
12. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
13. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү киреше салыгы жана сатыктан алынуучу салыгы планда көп көрсөтүлүп калгандыктан жылдын алты айлыгында аткарылышы боюнча каралып,эгерде аткарылбаса тиешелүү органдарга кайчы пикир берилсин.
14. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |