Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 26
Жалпак-Таш айылдык кеңешин компьютер менен камсыздоо жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу,айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ар тараптуу иштешине шарт түзүп берүү боюнча депутаттардын сунуштарынын негизинде ар бир туруктуу комиссияны компьютер (мындан ары ноутбук) менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каржатын кароо жана аны сатып алуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу,айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ар тараптуу иштешине шарт түзүп берүү үчүн ар бир туруктуу комиссияга бирден, жалпысы беш ноутбук Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен алынып берилсин.
2. Ноутбуктарды сатып алуу иштери тикелей келишим түзүү жолу аркылуу ишке ашырылсын жана сатып алуулар тез убакыттын ичинде жүргүзүлсүн.
3. Убагында сатып алууларды жүргүзүү жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы“ финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча ”туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |