Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 27
Киров айылындагы жаңы курулган балдар бакчасына ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Киров айылынын жашоочуларынын “Киров айылындагы балдар бакчасына ат коюу жөнүндө” жыйынынын токтомун карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы жаңы курулган балдар бакчасы “Искен-Нур” атындагы балдар бакчасы деп аталсын.
2. Балдар бакчасына ат коюу, аны ишке киргизүү боюнча иш аракеттерди көрүү жана уюштуруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |