Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 1
“Сары-Таш” таш кенининен казылып алынган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүү пунктунун иш-аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык айыл аймагындагы “Сары-Таш” таш кенининен казылып алынган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүүчү пунктунун иш-аракеттерине баа берүү боюнча айтылган дептутаттардын сын-пикир, сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынынын Үч-Капчал айылындагы “Сары-Таш” таш кенининен казылып алынган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүүчү пунктундагы 2019-жылдын 11-12-февралында болгон башаламандыкты териштирип, мыйзам бузган ишканаларга,айдоочуларга жана постто турган кызматчыларга тиешелүү чаралар көрүлсүн.
2. “Сары-Таш” таш кенинен казылып алынган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүүчү пункта 2019-жылдын 11-12-февралында болгон башаламандыкты териштирип,мыйзам бузган ишканаларга,айдоочуларга жана постто турган кызматчыларга тиешелүү чараларды көрүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |