Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 4
Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалын жакшыртуу жөнүндө
Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалын жакшыртуу боюнча жогорку мамлекеттик органдарга кайрылуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынын ичинен жумушчу топ түзүү жана аларды Бишкек шаарына жөнөтүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалын жакшыртуу максатында жогорку органдарга кайрылуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен төмөндөгүдөй курамда депутаттык жумушчу топ түзүлсүн:
- Ш. Арынов-айылдык кеңештин төрагасы:
- А. Аккулов-айылдык кеңештин депутаты;
- Исламидин уу Р- айылдык кеңештин депутаты;
- Э. Султанов- айылдык кеңештин депутаты.
2. Жогорудагы түзүлгөн депутаттык жумушчу топ Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун абалын жакшыртуу боюнча маселелерди жогорку мамлекеттик органдарга барып кайрылуу иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлсүн жана алардын сапар чыгымдары жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
3. Жумушчу топтун сапар чыгымдарына кеткен акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүү жана төлөп берүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
Ш. Арынов |