Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 7
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын -беренесине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси 22614700 сомго, чыгашалары 19705428 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.(№1,2 тиркеме )
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылы алып барган жана аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
3. 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүндөгү пайдаланылбай калган 2909272 сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата калдык деп табалсын жана ал 2019-жыл ичинде аткарыла турган иш-чараларга сметага ылайык бөлүштүрүлүп,жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Ш. Арынов |